• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Таласта алтын өндүрүүчү компаниянын мурдагы башкы директору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. "V.G.С." ЖЧКсынын алтын өндүрүүчү компаниясынын мурдагы башкы директору Е.Д.Н. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин кызмат адамдары тарабынан КРнын Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен "Кара-Буура" мамлекеттик жаратылыш паркынан 4,20 гектар жер тилкеси, алтын рудасын ташуу, түшүрүү, жүктөө жана калдыктарды сактоо үчүн "V.G.С." ЖЧКсына мыйзамсыз берилген факты аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Мындан улам аталган фактынын негизинде "V.G.C" ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Э.Д.Н кармалып, Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Э.Д.Н. учурда тоо-кен тармагында консультациялык кызмат көрсөткөн "Г.А.М." ЖЧКсынын жетекчиси. Аталган компания КР мыйзамдарынын талаптарын кыйгап өтүү менен лицензия алууда алардын кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында мамлекеттик органдар менен тоо-кен компанияларынын ортосунда ортомчу катары иш алып барат.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында "Г.А.М." ЖЧКсына тиешеси бар тараптарды жана башка адамдарды ушул сыяктуу мыйзам бузууларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий