Таласта аз камсыз болгон 60 үй-бүлө батирлүү болду — сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 17.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-октябрда Талас шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө курулган 60 батирлүү 15 турак жайдын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков жана “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Мухаммед Абдурахман Аль-Шая катышты.

“15 турак үйдүн ар биринде төрт батир бар. Жашоочулардын ыңгайлуулугу үчүн, ар бир батирде үч бөлмө, өзүнчө жуунуучу бөлмө, от жагуучу жай жана атайын тосулган короосу бар. Бардык батирлер тийиштүү эмеректер жана кир жуугуч, газ плитасы менен жабдылган”, - деп айтылат маалыматта.

Турак жайлар “Ас-Сафа Борбору” коомдук бирикмеси тарабынан курулду.

Пикир

Оставить комментарий