• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Таласта эки сугат канал ишке берилди

Коом 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Талас облусунунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Жар менен Жалпактил сугат каналдары реконструкциядан өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1951-жылы курулган Кызыл-Жар каналынын узундугу 11,88 чакырымды түзөт. Ал эми Жалпактил каналы мындан 67 жыл мурда курулган узундугу – 13,7 чакырымга созулат.

Бул эки каналдын реабилитациялоо иштери бүткөрүлүп, жалпысынан 15 694 гектар жерге сугат суу берүү жакшыртылды. Мындан сырткары, Акназаров, Биримдик жана Бакай-Ата айыл өкмөтүндөгү айыл-чарба өсүмдүктөрүн сугат суу менен камсыздоо маселелери чечилди.

Ошондой эле 2 суу өлчөөчү пост жана 2 көпүрө курулду.

Пикир

Оставить комментарий