• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өлкөдө полиомиелит боюнча кырдаал туруктуу – Саламаттык сактоо министрлиги

Коом 0

Бишкек, 25.03.21. /Кабар/. Кыргызстанда полиомиелит боюнча абал туруктуу, деп билдирет Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстандын аймагында жүгүртүүдөгү вакцинадан алынган 2-типтеги (цПВВП2) полиовирустун түрүн Кыргызстандын аймагына алып келбөө боюнча бардык зарыл иш-чаралар көрүлүп жатат.

2021-жылы 8-мартта ДССУ Тажикстанда вакцинадан чыккан 2-типтеги (цПВВП2) полиовирустун жаңы учурунун аныкталгандыгы тууралуу маалыматты карап чыгып, бул очокту өзгөчө кырдаалдын 2-деңгээлине киргизген.

Коңшу Тажикстан республикасында цПВВП2 катталгандыгына байланыштуу КРнын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Тажикстандан аталган оорунун киришине жол бербөө максатында эпидемиологияга каршы иш-чараларды күчөткөн.

1993-жылдан бери Кыргызстанда жапайы жана вакцина менен байланышкан полиовирустар катталган эмес. 2002-жылдан баштап өлкө “Полиомиелиттен эркин өлкө” сертификатына ээ болгон. Кыргызстанда жапайы жана вакцинага байланыштуу полиовирустар жүгүртүлбөйт деген объективдүү далилдер бар.

Пикир

Оставить комментарий