• 87
  • 90.41
  • 0.84

Таласта эки жарандан күйдүргү оорусу тастыкталды

Ден соолук 0

Бишкек, 15.07.22. /Кабар/. Таластын Кара-Буура районунда эки жарандан күйдүргү оорусу тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бейтаптардын абалы канааттандырарлык.

“Санэпидкөзөмөл департаментинин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Буура районунда күйдүргү оорусуна кабылды деген шек менен төрт жаран ооруканага жаткырылган.

Пикир

Оставить комментарий