• 87
  • 90.41
  • 0.84

Таластын Калба айылындагы мектеп модернизациялоодон кийин ачылды

Аймак 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда Талас облусунун Калба айылындагы А.Солтонов атындагы орто мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн соң ачылды. Бул тууралуу КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС) билдирет.

Маалыматка ылайык, мектеп имараты КР министрлер кабинети, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын жана Швейцария өкмөтүнүн Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) каржылык колдоосунда АРИС тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында модернизацияланган.

Модернизация учурунда энергонатыйжалуулукту жогорулатуу үчүн төмөнкү иштер аткарылган:

  1. Мектеп корпусу жылууланды;
  2. Имараттын сейсмикалык туруктуулугу бекемделди;
  3. Эски терезе менен эшиктер жаңы жана жылуулукту сактай турчу пластик терезелерге алмаштырылды;
  4. Жылытуу түзүмү жаңыланып, электрокерамикалуу батареялар орнотулду;
  5. Электрди өткөрүү тармагы толугу менен жаңыртылды;
  6. Жарыктандыруу диоддук лампаларга алмаштырылды;
  7. Имараттын вентиляциялык түзүлүшү жакшыртылып, рекуператорлор орнотулду.

Белгилей кетсек, мектептин имараты 40 жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес жана мындан улам ал энергонатыйжалуулук стандарттарына жооп бербей, жылытуу сезонунда класстардагы сууктан улам, окуу процессине тоскоолдуктар жаралып келген.

Пикир

Оставить комментарий