• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте өрт-куткаруу боюнча спорттук мелдеш өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-июнда “Динамо” стадионунда өрт-куткаруу спортунун түрлөрү боюнча мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеште өрт өчүрүүчү-спортчулар арасында “Мыкты өрт өчүрүүчү” наамы үчүн күрөш жүрүүдө.

Иш-чараны максаты - куткаруучулардын дене тарбия жана спорттук чеберчилик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле эл аралык мелдештерге катыша турган командалардын курамына тандоо үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо болуп саналат.

Өрт-куткаруучулардын спорттук мелдешинде 7 команда, тактап айтканда, 40тан ашуун спортчу катышууда.

Мелдеште катышуучулар өздөрүнүн күчүн, туруктуулугун жана спорттук дисциплиналар боюнча кесипкөйлүгүн көрсөтүшү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий