Бишкек, 15.04.22. /Кабар/. Талас облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп маалымдайт Сейсмология институту.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 14-апрелде саат 20:26да катталган. Жер титирөө Коргон, Куринуй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматка караганда, жер титирөөдөн жабыркагандар жок.
Пикир
Оставить комментарий