• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, аянты 46 чарчы метр болгон эки бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Араван районундагы Жаңы-Алыш айылында турак үйдүн 120 чарчы метр болгон 3 бөлмөсү толук күйгөн. Өрттүн себеби тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Талас шаарындагы Ырысалиев көчөсүндө эки кабаттуу турак үйдүн 3 чарчы метр жыгач полу жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Токмок шаарынын Садаев көчөсүндө барак түрүндө салынган турак үйдүн батиринин 8 чарчы метр от жагуучу бөлмөсү толук күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий