• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Таласта мөндүр жаап, 50 га эгин талаасына зыян келтирди

Кырсык 0


Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Бакай-Ата районунда 24-июнда саат 16:00дөр чамасында мөндүр аралаш жамгыр жааган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын кесепетинен Күмүштак айыл аймагынын Кыргызстан, Жон-Коргон жана Биринчи май айылдарында болжол менен 50 гектар эгин талааларына зыян келтирилген.

Ошондой эле Боо-Терек айылында каттуу шамал болжол менен 15 турак үйдүн чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам, Бакай-Ата райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары жана район акими абалды жеринде көрүштү.

Белгиленгендей, бүгүн Жарандык коргонуу комиссиясы материалдык чыгымдарды тактоо иштерин жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий