Таласта Малик Аликеевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилей кетсек, Малик Аликеев 2023-жылдын 17-январында 53 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Малик Аликеев Талас облусунун Талас районуна караштуу Көпүрө-Базар айылында 1969-жылы 6-июлда жарык дүйнөгө келген.

Бала кезден комуз чертип, «Курманбек», «Жаныш-Байыш» кенже эпосторун айтып, К. Алмазбековдун «Он үч жашар баланын арманы» ырын ырдап мектепке, айылга таанылган.

1985-жылдары ССРдин эл артисти, төкмө акын Эстебес Турсуналиев Талас шаарына гастролдоп барып, жаш таланттын өнөрүн өзгөчө баалап, Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга ээрчитип келген. Эки жылдык студияга тапшыртып, ошол эле учурда «Эл ырчысы Эстебес» тобунда эмгек жолунун башталышына себепкер болгон. Малик Аликеев аталган топто 16 жашынан баштап ишке киришип, отуз жылдан ашык эмгектенген.

Анын аткаруусундагы «Мөлмөлүм», «Арзыкан», «Таласым», «Сардал кыз», «Жалжалым» аттуу ырлары элдин жүрөгүндө түнөк тапкан.

Өзгөчө Токтосун Тыныбековдун обонуна жазылган Барпы Алыкуловдун «Мөлмөлүм» аттуу ыры Малик Аликеевдин жылдызын жандырган. Аталган ырды алгач ал 1986-жылы 17 жашында эл алдына ырдап чыккан. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Аликеевди эл сахнадан «Мөлмөлүмсүз» коё берген эмес.

Өмүрүнүн 40 жылга чукул убактысын ыр дүйнөсүнө арнап, ортодо ден соолугуна байланыштуу тыныгуу алган эле. Андан соң кайрадан чыгармачылыкка кайтып келип, Кыргыз улуттук «Манас» театрында эмгектенип жаткан.

Пикир

Оставить комментарий