Таласта муниципалдик ишкананын мурдагы директору мамлекетке 6 млн сом зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Талас шаарынын муниципалдык ишканасынын мурдагы директору бюджеттик каражаттарды уурдоо фактысы боюнча кармалды. бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын товардык-материалдык баалуулуктарын негизсиз эсептен чыгаруу жолу менен бюджеттик каражаттарды алып коюунун кылмыштуу схемасы аныкталып, токтотулду.

Тактап айтканда, ишкананын мурдагы жетекчиси КР жараны Ж.К.Ж. тарабынан автотранспорттун тетиктерин, ошондой эле иштебей турган атайын техника үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгаруунун белгиленген механизми уюштурулган.

Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматы тарабынан ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен, мамлекетке 6 млн сомдон ашык суммада зыян келтирилгени аныкталды.

Аталган фактынын негизинде муниципалдык ишкананын мурдагы директору Ж.К.Ж. кармалып, Талас ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка кылмышкерлерди аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий