• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Чүй районунда телефон зымдарын уурдап жүргөн жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Чүй районунда телефон зымдарын уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 1-ноябрга караган түнү Чүй районунда жайгашкан ишканалардын биринин 400 метрлик телефон зымын белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкени тууралуу маалымат келип түшкөн.

Келтирилген матиалдык чыгым 80 миң сомго бааланып, аталган факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облустук жана жана Чүй райондук криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы
кылмышка шектелип 1994-жылы туулган С.О. аттуу жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы ушул сыяктуу бир кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. Анда 500 метрлик зым уурдалып, келтирилген чыгым 99 миң сомду түзгөн.

Жогорудагы факты дагы бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий