• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте бир жумада 3,6 миң жол эрежесин бузуу катталып, 61 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 5-11-ноябрь күндөрү 3 миң 600 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- 61 айдоочу мас абалында рулга отурган:

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 6;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 54;

- жасалма номур менен унаа башкаруу - 3;

- жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар - 47;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 3 миң 439. Ал эми ар кандай эреже бузган 292 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий