• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Баткен облустук прокуратурасы тарабынан мамлекетке 12 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары өткөрүлгөн тендердин шартын бузуу менен, алдын ала сүйлөшүү аркылуу аткарылбаган жана бүтпөгөн курулуш иштерине жумуштар аткарылды деген негизде жеке жактарга 12 млн 480 миң 199 сом мыйзамсыз которуп, мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиргендиги такталды.

Алсак, Баткен шаарындагы курулушу бүтпөгөн Баткен облустук медиа борборунун административдик имараты үчүн - 11 414 987 сом, ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы орто мектептин окуу корпусу үчүн - 1 065 212 сом негизсиз которулган.

Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий