• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Таласта унаа бакты сүзүп, эки адам тирүүлөй күйүп кеткен

Кырсык 0


Бишкек, 20.10.22. /Кабар/. Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 168-чакырымында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөнүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Натыйжада унаадан өрт чыккан.

Боо-Терек айылындагы кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы Б.К. аттуу эркек жана 62 жаштагы Ж.К. аттуу аял киши каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, Кара-Буура райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирип беришкен.

Пикир

Оставить комментарий