• 87
  • 90.59
  • 0.86

Таласта жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоого багытталган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.11.24. /Кабар/. Бүгүн Талас шаарында жаштар арасында адеп-ахлактык баалуулуктарды, үй-бүлөлүк каада-салттарды туура колдоо жана мажбурлап никеге турууну болтурбоо боюнча иш-чара өттү.

Талас шаардык мэриясынан билдиришкендей, иш-чара президенттин жана министрлер кабинетинин көрсөтмөлөрүн ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Ага Талас шаарынын мэриясынын кызматкерлери, облустук казыяттын өкүлдөрү, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери, студенттер жана окуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаштарга руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын мааниси тууралуу баяндалып, үй-бүлөлүк салтанаттарды тартипке келтирүүнүн зарылдыгы, мажбурлап никеге туруунун терс кесепеттери жана мыйзам алдында жоопкерчиликтери жөнүндө маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий