• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Таласта жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 10.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта саат 10:26да Кыргызстандын аймагында 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жердин силкинүүсү Талас облусунун Бакай-Ата районунун Маданият, Ынтымак айылдарында, Талас районунун Козучак айылында 3 баллга чейин сезилген.

Ал эми А.Огонбаев, Калба, Кум-Арык айылдарында, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында жана Талас шаарында 2,5 баллга жеткен.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

Пикир

Оставить комментарий