• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Таластагы чек ара заставасына төрага Жумабековдун атасынын ысымы ыйгарылды

Коом 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “КРнын Чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын “Сатыкей” аскерлерине Жумабеков Артисбектин ысымын ыйгыруу тууралуу“ өкмөттүн токтомуна кол койгон.

Аталган документке жараша, жаш муунду аскердик-патриоттук багытта тарбиалоо максатында жана Жумабеков Артисбектин элесин сактоо максатында “КР өкмөту тууралуу” КР конституциалык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык КР өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас областы боюнча чек ара башкармалыгынын “Сатыкей” чек ара заставасына Жумабеков Артисбектин ысымы ыйгарылсын жана мындан ары “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Талас областы боюнча чек ара башкармалыгынын Жумабеков Артисбек атындагы “Сатыкей” чек ара заставасы” деп аталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий