• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Таластагы "Сакура" көпүрөсүнүн ачылышынан фоторепортаж

Аймак 0

Талас, 24.06.24. /Айпери Кожоева – Кабар/. Талас – Тараз эл аралык унаа жолунун 133-чакырымында курулуш иштери аяктап, жаңы көпүрө пайдаланууга берилди.

Көпүрөнүн салтанаттуу ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн, транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Талант Солтобаев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) өлкөдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары Нишияма Кэнтаро жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы көпүрөнүн узундугу 90,5 метр, туурасы 14,8 метрди түзөт.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө бул көпүрө эки элдин ынтымак менен биригүүсүнүн белгиси экенин белгиледи.

"Япония 16,2 млн доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөттү, бул каражат JICA эл аралык кызматташтык агенттиги тарабынан бөлүнгөн. Ошондой эле көпүрөнүн курулушу япондордун заманбап технологиясы менен жасалганын белгилегим келет", - деди ал.

Объект Японияда өскөн дарактын атынан "Сакура" деп аталган.

Пикир

Оставить комментарий