Таластын “Ынтымак” командасы көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүсү болду

Спорт 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Аккула ат майданында “Нооруз-2023” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды.

Таластын “Ынтымак” командасы көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүсү болуп, аларга 1 млн сом байге берилди. Экинчи орунга “Сары-Өзөн” (500 миң сом), үчүнчү орунга “Достук” командасы (250 миң сом) татыды.

Эскерте кетсек, оюн талаасында жогорку, биринчи жана экинчи лиганын курама командалары беттешти.

Пикир

Оставить комментарий