• 87
  • 90.63
  • 0.79

Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында каттам толук жанданды

Аймак 0

Бишкек, 05.01.25. /Кабар/. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 218-229-чакырым аралыгындагы Талдык жана Тоң-Мурун ашуулары бүгүн эртең мененки саат 6:00дө ачылып, каттам толук жанданды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, аймакты караган Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери түнү менен жеринде иш алып барышты.

Учурда жолдо тазалоо иштери уланууда.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 218-229-чакырым аралыгында катуу бороондон улам унааларга убактылуу чектөөлөр киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий