Талкууга жем таштаган 21 млн сом кенемте. Президент төлөм берүү маселени изилдеп чыгууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 17.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул тема акыркы убакта коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

"Компенсация суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй бүлөлөрүнө колдоо болгудай кылып мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун берүү тапшырмасы берилди", - деди ал.

Белгилей кетсек, Чаткал районунун иш учурунда каза болгон прокурорунун үй-бүлөсүнө төлөнө турган 21 миллион сом кенемте коомчулукта кызуу талкууга алынууда. Аталган маселе 15-майда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтылган.

Пикир

Оставить комментарий