Тамшанткан таттуу дарбызды кантип туура тандоо керек? Адистен кеңеш

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Ысык аптапта суусун кандыруу үчүн ким эле дарбыз жегиси келбесин. Бирок тамшанткан таттуу дарбызды кантип туура тандоо керек? Бул тууралуу дарыгер Бекжан Турабеков дарбыз сүйүүчүлөрүнө бир катар кеп-кеңешин айтып берди.

Дарбызды кантип туура тандоо керек?

Анын салмагы өлчөмүнө карата оор болсо, ичинде суу көп экенин билдирет. Өтө чоң же өтө кичине дарбыздар сапаты төмөнүрөөк, ал эми орточосу (6-8 кг) адатта эң жакшы даамга ээ болот.

Формасы. Симметриялуу, тегерек же овал формасындагы дарбыздарды тандаңыз. Кабыгы жылмакай, жаркыраган, түсү кочкул жашыл тартып, бирок түсү өтө кара болбошу керек. Дарбыздын жерге тийген жери сары түстө, сабагы кургак жана күрөң түстө болушу зарыл. Жашыл же нымдуу сабак дарбыздын жаңы эле үзүлгөнүн билдирет. Дарбызды акырын чертип көрүңүз. Бышкан дарбыз ичи бош, жаңырыктуу үн чыгарышы керек. Дүңгүрөгөн же тунук эмес үн чыкса, дарбыз өтө бышып же ичи көңдөй болушу мүмкүн.

Кайсы убакта бышат? Эң мыкты дарбыздар июнь айынын аягынан август айынын ортосуна чейин болот.

Канча күн сакталат? Сатып алгандан кийин дарбыз бөлмө температурасында 7 күнгө чейин сакталат. Кескенден кийин муздаткычта сактап, 3-5 күн ичинде колдонуңуз. Дарбызды кесерден 30 мүнөт мурун муздаткычка салып койсоңуз, даамы жакшыраак болот.

Адам качан дарбызга ууланып калат? Өтө бышып кеткен же чирий баштаган дарбыз ичегидеги ыңгайсыздыкты жаратышы мүмкүн. Туура эмес сактоо Salmonella, E. coli сыяктуу бактериялардын өсүшүнө алып келет. Туура эмес жуулбаган дарбыздын сыртында пестициддердин калдыктары калышы мүмкүн. Өзгөчө кабыгы менен жегенде көңүл буруу керек. Кээ бир адамдарда дарбызга аллергия болушу ыктымал. Дарбыз айрым дары-дармектердин таасирин күчөтүшү мүмкүн, мисалы, кан суюлтуучу дарылар. Дарбызды өтө көп жегенде ич өткөк же курсак оорусу пайда болот.

Негизи дарбыздардын курамындагы нитраттар кадимки бадыраң, шпинат жана башка ушул сыяктуу чөп-чарлардын деңгээлиндегидей эле кармалат. Дарбыздагы нитраттардын деңгээлин так аныктоо үчүн лабораториялык анализ керек. Ошол эле маалда үйдө жана базарда колдоно ала турган бир нече ыкмалар бар. Атайын нитраттесттердин жардамы менен нитраттын өлчөмүн аныктаса болот. Дарбызды сууга салыңыз, эгер сүзүп жүрсө, нитраттар аз, чөгүп кетсе, нитраттар көп болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий