Тармактык комитет Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө отчетту укту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.06.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө палатанын төрагасынын отчету каралды.

Аталган маселе боюнча Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Элвира Сурабалдиева аудитордук иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик кызматкерлер тарабынан каржылык мыйзам бузуулар көбөйгөнүнө көңүл буруп, кадр маселесин кароо керектигин кошумчалады. Эл өкүлү Камила Талиева да Финансы министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан бюджеттик каражаттарды эффективдүү пайдаланбай жаткандыгы тууралуу маселени көтөрүп, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигине токтолду.

Ал эми депутат Надира Нарматова капиталдык салымдарга бөлүнгөн республикалык бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу маселесин ортого салса, эл өкүлү Айсаракан Абдибаева Эсептөө палатасына 40 штаттык бирдик бөлүнгөнүн айтып, анын ишине өзгөчө көңүл бурду. Депутат Айбек Алтынбеков Эсептөө палатасынын аудиторлорунун кармалышы тууралуу сөз кылып, отчетто тиешелүү маалымат жок экенин белгиледи.

Андан тышкары, жыйында Жогорку Кеӊештин 2023-жылдын 21-июнундагы №1285-VII «КР Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө К Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу» токтомунун аткарылышы угулуп, эске алынды.

Пикир

Оставить комментарий