Бишкек, 19.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Улуттук банктын төрагасы кызмат ордуна сунушталган Толкунбек Абдыгуловдун талапкерлигин жактырды.
Абдыгулов учурда вице-премьер-министр.
Эске сала кетсек, Абдыгулов Улуттук банкты 2014-2017-жылдары жетектеген. 2017-жылдын август айынан тарта биринчи вице- премьер-министр болуп, эки ай өткөн соң вице-премьер болгон.
Пикир
Оставить комментарий