• 87
  • 90.41
  • 0.84

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Кийинки отурум 4-февралда өтөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Сотто Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Сот мамлекеттик айыпталуучулардан, кийинки отурумга калган күбөлөрдүн баарынын келишин камсыз кылуусун суранды.

Жактоочу тарап, кийин отурумда кошумча күбөлөрдү чакырууга өтүнүч келтирерин билдирди.

Сот тыныгуу жарыялап, отурум келе жаткан шейшемби күнү өтөт.

Алдыда дагы 8 күбө сурак берет.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий