• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Бишкекте тоноого шектелген адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Бишкекте 27-январда болжол менен саат 16:50дө "102" кызматына Жумабеков көчөсүндө жайгашкан дүкөндөрдүн биринде акча жана чөнтөк телефон тонолгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. 43 жаштагы М.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда баласы дүкөндө соода кылып жаткан учурда белгисиз жаран кирип келип, коркутуу жолу менен 13 миң 700 сомдук Samsung Galaxy A11 үлгүсүндөгү чөнтөк телефонун жана 900 сом өлчөмүндө акчасын ачык түрдө тартып, качып кеткен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы А.А. аттуу жаранды кармаган. Шектүү Биринчи май райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-беренесинин ("Тоноо") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий