• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: Отурум жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек. 24.03.20. /Кабар/. Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда. Айыпталуучу Сапар Исаковдун жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук териштирүү 2020-жылдын 31-мартына саат 14:00гө жылдырылды.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий