Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча иш: "Өзгөчө макамы" бар күбөлөрдөн тил кат алына баштайт - сот

Укук тартиби 0

Бишкек. 11.02.20. /Кабар/. Бүгүн Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө иши боюнча соттук отурум уланууда.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Отурумда күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Судья Марат Сыдыковдун айтымы боюнча, кийинки отурумдардан баштап "өзгөчө макамы" бар күбөлөрдөн тил кат алына баштайт, анткени булардын тергөө учурунда берген жана азыр берип жаткан көрсөтмөлөрү бир аз башка болуп калууда.

"Бул күбөлөр иштин башында шектүү катары өтүп жатып, кийин тергөө менен келишимге кол коюп, азыр күбө катары суралууда. Кийинки отурумдардан баштап биз күбөлөрдөн тил кат ала баштайбыз", - деди судья.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан. Мамлекетке жалпысынан 247 млн сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн сом.

Пикир

Оставить комментарий