• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Бурагыч менен урган. Бишкекте маршрутканын айдоочусу менен жүргүнчү ортосунда уруш чыккан

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Бишкек шаарында маршрутканын айдоочусу менен жүргүнчү ортосунда уруш чыккан. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 20-декабрда болжол менен саат 14:10до "102" кызматына Курманжан Датка жана Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу менен жүргүнчү урушуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милицияга 31 жаштагы А.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда жүргүнчү ташыган маршруттук унаанын айдоочусу арыз ээси менен уруша кетип, арыз ээсинин башына учтуу бурагыч (отвертка — ред.) менен уруп, андан ары качып кеткендиги айтылат. Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада 38 жаштагы Э.А. аттуу жаранды кармашкан.

Шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий