• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Тарых музейинде Кыргыз Совет Улуттук мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган кѳргѳзмѳ ачылды

Маданият 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бүгүн Улуттук тарых музейинин Кыргыз Совет улуттук мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган жаңыланган туруктуу экспозиция бѳлүмү жана “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгѳндүгүнѳ – 100 жыл" аталышындагы мезгилдүү кѳргѳзмѳсү ачылды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият министри Алтынбек Максүтов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданий жана илимий мекемелердин жетекчилери, белгилүү окумуштуулар, тарыхый инсандардын урпактары, музей кызматкерлери жана ЖМК ѳкүлдѳрү катышты.

Расмий иш-чаранын ачылышында, уникалдуу музей предметине айланган Жусуп Абдрахмановдун күндѳлүгүнүн түп нускасы, иш орундугу, "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы, “Ак Шумкар” ѳзгѳчѳ белгиси, Иманалы Айдарбековдун документтеринин кѳчүрмѳлѳрү: күбѳлүгү, эмгек китепчеси, грамотасы жана мамлекеттик жана партиялык ишмерлердин ѳмүр жолуна арналган китептер, документтер, ошондой эле Кыргыз ССРинин Конституциясы, желеги менен гербинин түп нускасы кѳрүүчүлѳрдүн назарына коюлду.

Мындан сырткары, Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Жанузаков, Төрөкул Айтматов сыяктуу мамлекеттүүлүктүн башатын түптѳгѳн кѳрүнүктүү инсандардын ѳмүрү жана ишмердүүлүгү, улуттук мамлекеттүүлүккѳ жетүү үчүн болгон саясий күрѳшү туруктуу кѳргѳзмѳдѳ ырааттуу чагылдырылып, архивдик документтер, фотосүрѳттѳр жана буюм экспонаттары аркылуу кызыктуу маалыматтар берилди.

Пикир

Оставить комментарий