• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери экинчи жолу пара менен кармалды – УКМК

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.08.24. /Кабар/. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кайрадан кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин вице-спикери Б.С.С. жергиликтүү бюджеттен эмгек акыны өндүрүү маселесин чечкендиги туралуу сот актысынын негизинде мажбурлап келбегендиги үчүн О.А.З. аттуу жарандан 45 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылган.

Буга байланыштуу 14-августта, Б.С.С. талап кылган керектүү суммадагы акчаны каражатын алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын убактылуу тергөө камак жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын июнь айында аталган Б.С.С. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин спикери болуп турганда, аткарылган иштердин жыйынтыгын үзгүлтүксүз кабыл алуу үчүн подрядчынын өкүлүнөн акча алып, алдамчылык аракеттерди жасагандыгы үчүн УКМК тарабынан кармалган. Натыйжада сот органы тарабынан Б.С.С. аттуу жаранга кылмыш иши козголуп, тараптардын жарашуусу боюнча иш токтотулган.

Тергөө иштер жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий