Бишкек, 02.05.24. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен жаран изделүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалымат боюнча, Аксы районунун Кыз-Жар айылында 1963- жылы туулган П.И. аттуу эркек киши Нарын дарыясына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын Таш-Көмүр шаарында жайгашкан 6-өзүнчө мобилдик тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 5 куткаруучу, Аксы райондук ӨКБдан 4 куткаруучу, Таш-Көмур шаардык ӨКБдан 4 куткаруучу жана ИИМден 2 кызматкер ошондой эле жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.
Кошумча маалымат берилет.
Пикир
Оставить комментарий