• 87
  • 89.68
  • 0.84

Таш-Көмүр шаары жана Шамалды-Сай шаарчасында видеокамералар орнотулууда

Аймак 0

Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарынын жана Шамалды-Сай шаарчасынын аймагына милициянын демилгеси, жергиликтүү тургундардын колдоосу менен видеокамералар орнотулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин Таш-Көмүр ШИИБнин башчысы Азенбек Козукеев “Коопсуз короо”, “Коопсуз көчө”, “Коопсуз шаар” демилгесин көтөрүп, шаар аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушууларды өткөргөн.

Жолугушуу учурунда видеокамераларды орнотуу менен кылмыштуулуктун алдын алууга мыкты шарт түзүлө тургандыгы түшүндүрүлгөн. Анын натыйжасында жашоочулар тарабынан көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна видеокамералар орнотулууда.

Ал эми “Коопсуз көчө” долбоору боюнча шаар аймагындагы мекеме-ишканаларга, соода түйүндөрүнө өз имараттарына видеокамера коюу сунушу жөнөтүлүп, бир катар имараттарга видеокамералар орнотулду. Шаардын коопсуздугун камсыздоо максатында мэрияга каттар жөнөтүлүп, Таш-Көмүрдүн кире беришине жана эл көп топтолуучу жайларга видеокамераларды орнотуу сунушталды.

Мындан сырткары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, сот, прокуратура, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу максатында тегерек столдор өткөрүлүп, андан кийин калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Кара-Көл ШИИБи тарабынан экстремизм жана терроризмдин алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Шаардык мэрия, ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте мектептерде профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Коопсуздук багытында бир топ кемчиликтер жана сунуштар айтылып, тиешелүү актылар түзүлдү.

Сузак РИИБнин кызматкерлери тарабынан Ырыс айыл өкмөтүндө айыл башчылары, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү менен жыйын өткөрүлдү. Жыйында зордук-зомбулуктун, суициддин, сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу маселеси талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий