• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарынын коменданты: Өзгөчө абал киргизилбеген аймакта унаа жуучу жай иштетүүгө болот

Аймак 0

Бишкек, 23.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абал киргизилбеген аймакта унаа жуучу жай иштетүүгө болот. Бул тууралуу Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Түз эфирде ага Базар-Коргон районунун тургуну кайрылып, унаа жуучу жайларды иштеткенге болобу деген суроо берди.

"Сиз атаган аймакта өзгөчө абал киргизилген эмес. Унаа жуучу жайды иштетсеңиз болот. Бирок санитардык эрежелерди сактоо керек", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий