• 87
  • 90.59
  • 0.87

Таш-Көмүрдө электр тармагын реконструкциялоо иштери аяктады

Аймак 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Таш-Көмүр район электр тармактары кардарларга сапаттуу электр жарыгын берүү максатында 6/10-0,4 кВ электр зымдарын реконструкциялоо жана жаңы куруу иштерин аяктады.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, реконструкциянын алкагында 9,9 чакырым 6/10-0,4 кВ чубалгыда эскирген алюминий зымдары жаңыланып, 248 эски жыгач мамылар жаңы темир бетон мамыларга алмаштырылды.

Ал эми 172 даана жаңы темир- бетон мамыларды орнотуу менен 6,3 чакырым 6/10-0,4 кВ аба чубалгы жаңыдан курулду.

Мындан сырткары, оңдоп- түзөөнүн алкагында 94,95 чакырым 6/10-0,4 кВ аба чубалгы оңдолуп, 82,96 чакырым 6/10-0,4 кВ аба чубалгы техникалык тейлөөдөн өттү.

Капиталдык курулуш планынын негизинде кошумча 2 даана трансформатор орнотулуп, 8 даана күч трансформаторлордун шкафтары жаңыланды. 37 даана трансформатор оңдоп-түзөөдөн, 180 даана транформатор техникалык тейлөөдөн өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Таш-Көмүр район электр тармактарында 329 даана трансформатор болсо, анын 112 даанасы мекеме-уюмдардын, жеке менчик ишканалардын карамагында.

Таш-Көмүр РЭТинин жетекчиси Мирлан Молдокулов, жаз алдынан тарта күзгө чейин ишканага тиешелүү пландаштырылган бардык электр жабдуулары кылдат, пландын негизинде жаңыланганын айтат. Алардын бир гана максаты керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздап, кыштан жакшы алып чыгуу экенин кошумчалайт.

Пикир

Оставить комментарий