• 87
  • 90.64
  • 0.85

Таш-Көмүрдө Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.24. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарында Нарын дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштерине №57 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, шаардык ички иштер бөлүмүнөн 2, жергиликтүүлөрдөн 20 адам тартылып, 3 кайык менен изделип жатат.

Эскерте кетсек, 23-апрель күн саат болжол менен 18:50 чамасында Таш-Көмүр шаарына караштуу Акшар айылынан өткөн Нарын дарыясына 2018-жылы туулган Н.Н. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги боюнча маалымат түшкөн.

Жерине ыкчам топ тартылып, издөө иштеринен натыйжа болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий