• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Ташиев: ЭТТКнын коррупциялык схемасынын натыйжасында бюджетке келтирилген зыян 30 млрд сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 17.12.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Электрондук товардык-транспорттук коштомо (ЭТТК) кагаздын коррупциялык схемасынан улам 464 миллиард сомдук товарлар көмүскөгө кетип, бюджетке келтирилген зыян 30 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, УКМК тарабынан электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын коррупциялык схемасын иликтөөнүн алкагында Салык кызматынын төрагасы, анын орун басары жана төрт башкармалыктын жетекчилери кармалган.

“Бул корррупциялык система өтө жогорку деңгээлде даярдалган. Бул системага салык кызматкерлери жана алардын жетекчилери катышкан. Булар схеманы өтө кылдаттык менен жогорку деңгээлде даярдашкан. Бул кылмыштын суммасынын көлөмү өтө чоң. ЭТТКдагы жүргүзүлгөн корупциялык схеманы түшүндүрүп өтөйүн. Булар ар бир товар чыккан сайын, акциздик марканы жабыштырат дагы анан сатканы жөнөтөт. Ошол товарды жөнөткөндө булар, ЭТТКны жазышат. ЭТТКны жазып чыгарышат дагы, ошол товар сатылганы жөнөтүлөт. Ал эми ЭТТКны кайтаруу четке кагылды деп аны жок кылып жиберишет. Бирок товар сатылганы кете берет. Кийинкисинде дагы жаңы товар чыгарып ошентип кетире беришет. Башкача айтканда, бул ушундай алдамчылык системага айланган. Биздин текшерүү учурунда миллион ЭТТК кайтарылып келингени аныкталды. Эгерде кайтарылып келинген, миллион ЭТТКдан булар 1 эле доллардын алса, бул 1 миллион доллар алганга барабар болот. А эгерде 10 доллардан алса, 10 миллион доллар алып коюшкан. Биз азыр бул акчаларды кимдер алды, каякка кетти баарын иликтеп жатабыз”, - деп белгиледи Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий