Ташиев: Мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлердин баары мамлекетке кайтарылат

Коом 0


Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлердин баары мамлекетке кайтарылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы каралбай калган 15 гектардан ашуун жерди мамлекетке кайтарып, социалдык мекемелерди куруу боюнча жеринде жыйын өткөрүү учурунда билдирди.

Ал 5-10 адам миллиондогон элдин байлыгын басып, азыр байып жатышканын айтып, байлар тартипке салынарын эскертти.

"Мамлекеттин бир метр жерин шылуундарга карматпашыбыз керек. Мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жерлердин баарын кайра мамлекетке алып, тартипке салышыбыз керек. Ал элдин байлыгы. Мурдагы башаламан заманда 5-10 адам миллиондогон адамдардын байлыгын басып алышып, азыр байып жатышат. Мисалы, Жалал-Абадда үч чоң базаны мамлекеттин менчигине алдык. Кайтарылган жерлерге мектеп, ипотекалык үйлөрдү курууну пландап жатабыз. Мунун баарын ээлеп алып, 30 жылдан бери байып жүрүшкөн. Алар эле эмес элдин баары байышы керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий