• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бир да реформа тынч жана автоматтык түрдө өтпөйт – эксперт Маматкеримова

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бир да реформа тынч жана автоматтык түрдө өтпөйт. Бул тууралуу Соттук-укуктук реформанын алкагындагы иш-чараларды мониторинг кылуу боюнча эксперттик жумушчу топтун башчысынын орун басары Гүлмира Маматкеримова соттук-укуктук реформа боюнча депутаттар менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, жаңы кодекстер менен мыйзамдарды укуктук колдонуу бөлүгүндө маселелер аныкталган.

"Жумушчу топ түзүлүп, ага маселе жараткан жагдайлар келип турат. Алар мыйзамды оңдоп-түзөөдө эсепке алынат. Учурда реформаны чыныгы турмуш менен айкалыштыруу маанилүү болууда. Мамлекеттик органдарды заманбапташтыруу аягына чейин жасалган жок. Реформаны маалыматтык коштоо менен жүргүзүү керек. Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү тизмесин аягына чейин ишке киргизүү зарыл. Менимче ишти үзгүлтүккө учуратууну каалагандар бар жана аны менен күрөшүү керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий