• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ташиев сот системасынын өкүлдөрүнө жана прокурорлорго каршы митингге чыккандар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 24.05.21./Кабар/. Бүгүн, 24-майда митингдин катышуучулары жана уюштуруучусу Мухтар Шарипов КР УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге жолугуп, жөнөкөй жарандарга карата тергөө жана сот иштери жүрүп жаткандыгы, ошондой эле адвокаттардын, эксперттердин, прокурорлордун жана судьялардын мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө өз билдирүүлөрүн айтышты. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев митингчилердин бардык катышуучуларына Улуттук коопсуздук органдары арыз ээлеринин ар бир кайрылуусу УКМКнын компетенциясына ылайык жана мыйзамдын чегинде карала тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий