Ташкент: бала бакчадагы уулануунун болжолдуу себептери айтылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунда жайгашкан бала бакчадагы уулануунун болжолдуу себептерин жарыялады. Буга чейин мектепке чейинки тарбиялоо мекемесинде 32 бала тамактан ууланганы кабарланган.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, ууланган 32 баланын жетөөсүнө курч диарея диагнозу коюлуп, инфекциялык ооруканага жаткырылган.

Башкы көзөмөл органдын маалыматына караганда, 70тен ашык ата-эненин кайрылуусунун негизинде текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында тамак даярдоодо эскирип калган ашкана буюмдары пайдаланылып, бардык азык-түлүктөрдүн бир муздаткычта сакталганы аныкталган. Мындан тышкары экспертиза үчүн суунун жана андагы бардык азык-түлүктүн үлгүлөрү алынды.

Бул факты боюнча «Санитардык мыйзамдарды жана эпидемияга каршы күрөшүү тартиптерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий