• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Ташкент-Душанбе каттамдарынын саны көбөйтүлөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы быйыл апрель айынан тартып Тажикстан борборуна ырааттуу каттамдарды көбөйтөт.

Расмий маалыматка караганда, 3-апрелден тартып Душанбеге аптасына эки жолу – шаршемби жана ишемби күндөрү учак каттайт. Буга чейин ырааттуу каттам шаршемби сайын гана уюштурулуп келген.

Ташкент-Душанбе каттамдары жанданарын марттын ортосунда Тажикстандын Жарандык авиация агенттигинин директору Икром Субхонзода билдирген.

Эки өлкө ортосундагы ырааттуу каттамдар былтыр 16-мартта коронавирус пандемиясынан улам токтотулган болчу.

Пикир

Оставить комментарий