• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ташкент милициясы коронавируска каршы күрөшүүдө кытай полициясынын тажрыйбасы менен таанышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Ташкент шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү боюнча Кытай полициясынын тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ташкентте Өзбекстандын укук коргоо мекемелеринин жетекчилери менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлигинин расмий өкүлү Лю Тунпиндин жолугушуусу өттү.

Анын жүрүшүндө кытайлык делегация коронавирустун алгачкы учуру катталган Ухань шаарында көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди. Өзбек бийлигинин өлкөдө коронавирус аныкталгандан кийинки алгачкы аракеттерин жакшы баалаган делегация мүчөлөрү көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун арттыруу үчүн бир катар сунуштарды беришти.

Кытайдын материктик бөлүгүндө январдан бери алгачкы жолу бир сутканын ичинде коронавирустан бир да өлүм катталган жок. Жалпы өлкө боюнча 32 киши вирус жуктурса, алардын бардыгы чет өлкөдөн келгендер.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 472ге жетти. Алардын ичинен 30у айыгып, экөө каза болду.

Пикир

Оставить комментарий