• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 2 миң 407ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирустан айыккандардын саны 2 миң 407ге жетти. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Ташкенттеги Вирусология илимий-изилдөө институтунун клиникасында 31 киши жана Эпидемиология, микробиология жана жугуштуу оорулар илимий-изилдөө институтунун клиникасында 4 адам, жалпы 35 коронавирустан айыгып, реабилитацияга жөнөтүлгөн.

Бүгүнкү күнү Өзбекстанда жалпы 2 миң 964 адам коронавируска чалдыккан. Анын ичинен 2 миң 407 киши оорудан айыккан, 13 адам каза болгон. Учурда 565 киши ооруканаларда дарыланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий