• 87
  • 91.29
  • 0.84

Ташкент облусундагы кыргыз мектебинин окуучусу Өзбекстандын чемпиону болду

Спорт 0

Ташкент, 18.11.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 мектептин окуучусу Айдана Юсупбаева таэквондо боюнча Өзбекстандын чемпиону болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине мектептин директору Кубанычбек Жаматов билдирди.

Мектептин 9-классынын окуучусу А. Юсупбаева Сырдарыя облусунун Гулистан шаарында өткөн Таэквондо WT боюнча Өзбекстандын чемпионатында алтын медаль жеңип алды.

Спорттун бул түрү менен Айдана 2022-жылдан бери машыктыруучулары Умида Жоробаева жана Мурод Салимовдордун кол астында машыгып келет. Атасы электрик болуп иштейт, апасы үй кожойкеси.

Өткөн жылы Бухара шаарында өткөн Өзбекстандын чемпионатында Айдана күмүш медалга татыктуу болуп, республикада экинчи орунга ээ болгон.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевтин 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу кабыл алган атайын жарлыгы менен Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 мектепке улуу жазуучунун бюсту орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий