• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Бишкекте сууда сүзүү боюнча кышкы чемпионат өттү

Спорт 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Бишкектеги “Дельфин” бассейнинде 10-11-февралда сууда сүзүү боюнча кышкы чемпионат өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Сууда сүзүү федерациясынан билдиришти.

Мелдешке Бишкек жана Кара-Балтадагы спорттук мектеп жана клубдун 120 спортчусу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

- 50 метр аралыкка көпөлөк түрү менен сүзүү – Виктория Кутузова, Рамазан Омаров;

- 100 метр аралыкка эркин түрү менен сүзүү – Виктория Кутузова, Артем Барышев;

- 200 метр аралыкка арты менен сүзүү – Данайым Капарбекова, Вадим Коняшин;

- 100 метр аралыкка брасс түрү менен сүзүү – Екатерина Сморкалова, Артем Барышев;

- 400 метр аралыкка эркин түрү менен сүзүү – Даниил Мистрюков;

- 400 метр аралыкка комплекстик сүзүү – Санжар Мусаев;

- 50 метр аралыкка арты менен сүзүү – Софья Ахмедова, Вадим Коняшин;

- 100 метр аралыкка көпөлөк түрү менен сүзүү – Карина Мамешева, Даниил Мистрюков;

- 50 метр аралыкка эркин түрү менен сүзүү – Виктория Кутузова, Барышев Артем;

- 200 метр аралыкка көпөлөк түрү менен сүзүү – Даниил Мистрюков;

- 100 метр аралыкка арты менен сүзүү – Софья Ахмедова, Вадим Коняшин;

- 200 метр аралыкка брасс түрү менен сүзүү – Амина Мамешева, Даниил Огинский;

- 100 метр аралыкка комплекстик сүзүү – Виктория Кутузова, Артем Барышев;

- 50 метр аралыкка брасс түрү менен сүзүү – Екатерина Сморкалова, Артем Барышев;

- 200 метр аралыкка эркин түрү менен сүзүү – Виктория Кутузова, Даниил Мистрюков;

- 200 метр аралыкка комплекстик сүзүү – Екатерина Сморкалова, Вадим Коняшин.

Пикир

Оставить комментарий