• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Ташкентте Борбор Азиядагы шаарлардын ѳнүгүшү талкууланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 26.09.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Бүгүн Ташкент шаарында Борбор Азиянын биринчи урбан форуму ѳз ишин баштады, деп билдирет Ѳзбекстан курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сѳз кызматы.

Иш-чаранын негизги максаты - Борбор Азиянын шаар куруу жаатындагы алдыңкы адистеринин ой-пикирлери менен таанышуу жана тажрыйба алмашуу, аймактын архитектуралык индустрияны өнүктүрүүдѳгү мүмкүнчүлүктѳрүн көрсөтүү, ошондой эле бул багытта эмгектенип жаткан архитектор аялдарды колдоп-кубаттоо болуп саналат.

Форумдун күн тартибинде дүйнөлүк тенденциялардын Борбор Азиядагы шаарлардын өнүгүшүнө тийгизген таасири, шаарлардын туруктуу өнүгүүсүндөгү жашыл жана санариптик экономиканын ролу жана аялдардын архитектурага кошкон салымы катышуусу, аймакта курулуш индустриясын ѳнүктүрүү мсалелери.

Иш-чарада Борбор Азия мамлекеттеринен келген таанымал архитекторлор, дизайнерлер, адистер жана эксперттар катарында КР Архитекторлор союзунун мүчөсү Урмат Карыбаев жана коомдук ишмер, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри, Норвегия Королдугунун ардактуу консулу Айжан Чыныбаева катышууда.

Пикир

Оставить комментарий