Ташкент, 17.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент шаарында чет өлкөлүк жарандардын автобус жана метрону эркин пайдалануусу үчүн шарттар түзүлдү. Бул тууралуу "АТТО" (Автоматташтырылган транспорт төлөө оператору) компаниясынын аткаруучу директору Даврон Шоёкубов билдирди.
Анын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тарта Ташкентте коомдук транспортто накталай эмес төлөм системасы иштей баштады. Учурда жүргүнчүлөр жол акысын төлөө үчүн 10дон ашык мүмкүнчүлүккө ээ: АТТО картасынан тышкары, Өзбекстандагы бардык банктардын төлөө карталары жана Click, Payme, Paynet, Uzum, Plum сыяктуу төлөм тиркемелери колдонулат.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн Visa, MasterCard, China UnionPay сыяктуу эл аралык төлөм системалары аркылуу жол акы төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
"Бүгүнкү күндө банк картасы жок чет өлкөлүктү жолуктуруу кыйын. Алар да 1700 сум (0,13 доллар) төлөп, жергиликтүү жүргүнчүлөр сыяктуу кызматты пайдалана алышат", – деп белгиледи Шоёкубов.
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 19-августунда Кыргызстан менен Өзбекстандын шаарларында коомдук транспортто төлөмдөрдү өз ара кабыл алуу максатында Тулпар жана АТТО компаниялары кызматташуу меморандумуна кол коюшкан.
Пикир
Оставить комментарий